Биз менен байланышыңыз

«Окуган эл – озот!» аттуу республикалык китеп окуу сынагы өттү

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 1887 | 0

Январдан апрель айына чейин «Оку!» долбоорунун алкагында «Окуган эл – озот!» аттуу республикалык китеп окуу сынагы өттү. Бул тууралуу аталган сынактын уюштуруучулары билдирди.

Иш-чара «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду, «Дилазык» басма үйү, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Кыргызстан Ислам университети, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган.

Сынактын суроолору «Чарыяр — 1», «Наставник Человечества Мухаммад» жана Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу китептеринен алынып даярдалган.

Алтынчы ирет уюштурулуп жаткан сынакка катышуу үчүн республика боюнча 7 миңден ашуун окурман катталган.

Китеп окуу сынагынын максаты: Мухаммад пайгамбардын өмүр жолун таанытуу экенин «Адеп Башаты» коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Субанов айтты.

«Бул долбоордун максаты: Пайгамбарыбыз Мухаммад соллоллоху валейхус вассаламдын өмүр жолун таанытуу жана элди китеп окууга кызыктыруу. Быйыл алтынчы ирет уюштуруп жатабыз, жылдан жылга катышуучулардын саны артып баратат десек болот», — деди Нурлан Субанов.

Жеңүүчүлөргө Умра сапарына жолдомо, ошондой эле акчалай сыйлыктар да каралган.

 

Copyright © 2017 Maral FM