Биз менен байланышыңыз

«Макмал» алтын кенине 75 миллион доллар инвестиция келет

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 819 | 0

«Мансон Групп» компаниясы «Макмал» алтын кенин иштетүүгө 75 млн. долларга жакын инвестиция салат. Бул тууралуу «Кыргызалтын» жана «Мансон Групп» компаниясынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлушунун негизинде «Макмал» алтын кенин мындан ары да иштетүү маселеси боюнча премьер-министр өткөргөн кеңешмеде айтылды.

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, «Кыргызалтын» менен «Мансон Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык келишимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык «Кыргызалтындын» үлүшү 30%ды түзөт, ал эми «Мансон Групптун» үлүшү 70% болот.

Бул келишимде «Макмал» алтын комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү каралган. Келишим комбинатка 800 адамды ишке орноштурууга жана Тогуз-Торо районунун 1315 тургунун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыздоого шарт түзөт.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Келишимдин бардык шарттары так жана өз убагында аткарылган шартта, инвесторлорго эч кандай тоскоолдуктар болбойт», — деген кепилдик берди.

32 жыл бою иштеген алтын иштетүүчү комбинат 2018-жылдын сентябрынан баштап ишин токтоткон. Буга жабдуулардын эскиргени жана алтын өндүрүүнүн азайганы себеп болгон. Өз убагында комбинат 29 млн. сом жергиликтүү бюджетке жана 50 млн. сомдун тегерегинде республикалык бюджетке чегерип турган.

Copyright © 2017 Maral FM