Биз менен байланышыңыз

Баткен: Абиш Халмурзаевдин ордуна Акрам Мадумаров барат

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 1141 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматтан кетти. Ордуна Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Акрам Мадумаров барат. Бул тууралуу өкмөттүн жеке булактары кабарлады.

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Акрам Мадумаровду жаңы жамаатка тааныштыруу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.

Эскерте кетсек, Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 2016-жылы дайындалган. Ал эми Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына 2017-жылдын сентябрында келген. Ал Кадамжай районунун акими кызматын да аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM