Биз менен байланышыңыз

Шубин атындагы музыкалык мектеп 80 жылдык юбилейин белгиледи

Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 706 | 0

Кечээ, 30- мартта Павел Шубин атындагы Балдардын музыкалык мектеби 80 жылдык юбилейин белгиледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Салтанатта Президентинин жана Өкмөттүн энчилүү сааттары, Маданият, министрлигинин ведомстволук сыйлыктары аталган мектептин айрым мугалимдерине тапшырылды.

Майрамдын ачылышын аталган окуу жайдын кенже класстагы окуучулары комуз күүсү менен баштап беришти. Мындан тышкары, кыргыз элинин жана дүйнөлүк музыканын классикалары окуучулардын аткаруусунда жаңырды.

Copyright © 2017 Maral FM