Биз менен байланышыңыз

Венесуэланын жарыгы үчүнчү жолу өчтү

Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 444 | 0

Венесуэлада 29-мартта жергиликтүү убакыт боюнча 19.10до электр энергиясы кайрадан өчтү. Бул жолку электр энергиясын өчүрүү Каракастан тышкары, ири шаарлар Маракайбо, Валенсия, Маракай, Сан-Кристобалда да болгонун Deutsche Welle маалымат порталы жазды.

Эске салсак, буга чейин 25-мартта электр энергиясы экинчи жолу өчүп, Каракас шаарынын тургундары 2 күн караңгылыкта калган. Оңдоп, калыбына келтиргенине бир жарым гана күн болгондо, кайрадан жарыксыз калышты. Муну менен катар, үйлөргө суу берүү да токоолдукка учурап, шаар мекемелеринде, ишканаларында, ооруканаларында иш үзгүлтүккө учурады.  NetBlocks мамлекеттик эмес уюмунун маалыматына караганда, учурда өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасынын 10 %ында гана интернет байланышы бар.

Бул жолку электр энергиясынын өчүүсү Гури ГЭСинен чыккан өрттөн улам болгону айтылууда.

Ал эми Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро болгон окуяны бийликке каршы күчтөрдүн  “саботажы” катары баалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM