Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков «Газпромдун» төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 528 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга көмөк болоруна ишенимин билдирди.

Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толугу менен ишке ашырылат деп ишендирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын мунайгаз тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM