Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда телефон тоногон атуул кармалды

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 655 | 0

Баткен областынын Кызы-Кыя шаарында 15 жаштагы кыздын телефонун жула качып кеткен шектүүнү милиция колго түшүрдү.

Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, окуя ушул жылдын 12-мартында Кызыл-Кыя шаарынын Солнышко жана Жусубалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 25-30 жаш курактагы белгисиз атуул 15 жаштагы кыздын колундагы «Galaxy J5» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун коркутуп тартып алып, качып кеткен.

Кызыл-Кыя шаардык милициясы жүргүзгөн «Разбойник» операциясынын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы Х. А. аттуу тургуну экени аныкталып, кечээ кармалды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM