Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязовдун үстүнөн арыз жазылгандыгы айтылууда

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 887 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Аппарат башчысы кызматын аркалаган Фарид Ниязовдун үстүнөн арыз жазылгандыгы айтылууда. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева бул боюнча расмий кат келе электигин айтты.

— Жеке булактарыбыздын билдиришинче, арызды Апрель окуясынын баатырына мажбурлап жаздырышкан. Фарид Ниязовго кылмыш иши козголуп-козголбогондугу боюнча так маалымат жок, чакыруу да келе элек.

Фарид Ниязов бүгүн бул боюнча расмий билдирүү жасай турганын да айтты.

Кошумчалай кетсек, Фарид Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарып турганда, анын аппаратын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM