Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча Фарид Ниязовдун айыптоосуна УКМК жооп кайтарды

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 658 | 0

Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязовдун айыптоосун четке какты. Буга байланышкан билдирүүнү УКМКнын маалымат кызматы бүгүн таратты. Анда Фарид Ниязов «жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштыруу аракетин көрүп жатканы» айтылат.

Фарид Ниязов тартип коргоо органдарын жаманатты кылып, иликтөөнүн жыйынтыгын саясатташтырып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин мыйзамсыз иштерин актоо аракетин көрүп жатат. Бул боюнча комиссиянын жыйынтыгында “Атамбаев бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн, ошондуктан Кой-Таш окуясы боюнча бардык жоопкерчилик Атамбаев жана анын тарапташтарына жүктөлөт” деп белгиленген, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, Кой-Таш окуясы учурунда УКМК кызматкерлери чыныгы ок эмес, атайын каражаттарды гана колдонууга мажбур болгон жана мунун баарын видеоматериалдар менен тастыктай алышат.

Ниязовдун УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей, аларды кооптуу абалда калтырганы тууралуу айыптоолору таптакыр негизсиз, — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Буга чейин Фарид Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Опумбаевди айыптаган билдирүү тараткан.

2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын он төртүнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Фарид Ниязов да соттолуучулардын бири. Ал Атамбаев бийликте турганда анын кеңешчиси болуп иштеген.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-мартта жабык карай баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM