Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов 48 саатка камалды

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 507 | 0

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, алгач Фарид Ниязов күбө катары сурак берген, бирок кийин ал шектүү деп өзгөртүлгөн.

— «Ал убактылуу кармоочу жайга 48 саатка камалды. Темирлан Султанбеков, Алмазбек Атамбаев, анын мурунку күзөтчүлөрү Дамир Мусакеев жана Канат Сагымбаев дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле айдоочусу Анвар Арматов да бар», — деди Кундуз Жолдубаева.

Алар 9-октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө.

Эске салсак, Фарид Ниязов 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыпталуучусу. Ал 5-октябрда болгон митингден кийин Бишкектеги СИЗО-1ден чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM