Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-февралына чейин камакта калат

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 592 | 0

Атамбаевдин Президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов 2020-жылдын 9-февралына чейин №1 Тергөө абагында камакта калтырылды. Мындай чечимди кечээ, 28-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Бул тууралуу КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ушул жылдын 7-8-августтарында Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында камакка алынган Атамбаевдин тарапташтарынын баш коргоо чарасы кечээ күнү каралган.

Сот мындан сырткары, Кыяс Смаилов жана Амантур Жамгырчиевдерди да абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Аты аталган жарандарга расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана барымтага алуу беренелери боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM