Биз менен байланышыңыз

Чодуев: Орусия 4 заводду модернизациялоо аракетинде

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2019 | 608 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Марал” радиосуна берген маегинде Орусия менен Кара-Балтадагы спирт заводун жандантуу боюнча 8 млн. долларлык келишимге кол коюлганын билдирди.

Анын айтымында, Орусия мындан сырткары, 23 млн. долларга 4 заводду модернизациялоо аракетинде. Ал эми Кыргызстан Орусияга балык экспорттоого артыкчылык берип жатат.

«Кыргызстандагы бир катар жеке менчик компаниялар Орусияга 1 млрд. рублге чукул балык экспорттоо боюнча меморандумга жана кант кызылчасын иштетүү багытында биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Биз Орусиянын инвесторлорун дайыма күтөбүз», — дейт Чодуев.

Маалым болгондой, булардан тышкары, Кыргызстан менен Орусиянын Үрөнчүлүк ассоциациясы 25 млн. долларлык келишимге, айыл чарба азыктарын кайта иштетүү боюнча 600 млн. сомдук меморандумга  кол коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM