Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Орусия Кыргызстандын өзгөчө экенин көрсөттү

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2019 | 396 | 0

Орус лидери Владимир Путин мамлекеттик сапар менен келгендиктен, эки өлкө ортосунда макулдашылган долбоорлордун ишке ашуу ыктымалы жогору. Бул тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусия мамлекеттик сапардын арты менен Кыргыз өлкөсүнүн өзгөчө экенин көрсөттү. Эки өлкө ортосунда тышкы саясатта да, экономикада да көйгөйлүү маселелер жок экенин бегилеп жатат.

«10 млрд. долларга чейинки меморандум, келишимдерге кол коюла берет. Анын 30-40%ын ишке ашырса, жетишкендик катары бааланат. Экономикалык жактан эки тарап биргелишип иштөөгө баратабыз. Алсак, эки завод менен келишим түзүлдү. Мунун алгылыктуу таасири болот, жаңы ишкерлер келет. Мындан сырткары, учурда геосаясий кырдаал оор. Аймактык, глобалдык чакырыктар бар. Аларга жооп берүү үчүн сөзсүз түрдө шериктеш мамлекеттер керек. Андыктан, макулдашуулар эки мамлекетке да пайдалуу болуп жатат«, — дейт Осмонбетов.

Ал буга кошумча, эки өлкө ортосунда бир топ келишимдерге кол коюлушу менен кыргыз-орус кызматташтыгы бир тепкичке жогорулаганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM