Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев КМШнын курамындагы мамлекеттердин улуттук виза жана миграциялык режимдери айырмалана турганына токтолду. Ал КМШ өлкөлөрүн кыдырууну кыялданган чет элдик туристтер үчүн ыңгайсыздык жаратарын билдирди. Мындан улам Токаев КМШ өлкөлөрүнө бирдиктүү виза киргизүүнү сунуштады. Бул шенген визасы сыяктуу «кызматташтык виза» болуп каларын айтат.
— Улуттук виза жана миграциялык режимдерде негизинен айырмачылыктар абдан көп. Ал өз кезегинде КМШга кирген мамлекеттерди кыдырууга кызыккан чет элдик туристтер үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратууда. Албетте, бул — оор, ошентсе да КМШнын аймагында шенген сыяктуу бирдиктүү виза киргизүүнү карап көрөлү. Аны «Шериктештик визасы» деп атасак болот. Туристтерге шарт түзүп берүүгө, жол ачууга мүмкүнчүлүк болот.
КМШга бирдиктүү виза киргизүү керек
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев да КМШ өлкөлөрүнө бирдиктүү виза киргизүү сунушун колдойт. Анткени, мунун арты менен Кыргызстанга туристтерди тартууга жол ачыларынан күмөнү жок. «Башка жылдарга салыштырмалуу бирдиктүү виза кирип калса, өлкөгө келген эс алуучулардын агымы көп болот», — дейт.
— Албетте, бизге бирдиктүү виза керек. Шенген виза сыяктуу болбосо да, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан ушул үч мамлекеттин ортосуна киргизсек жакшы болгону турат. Анткени, бизге караганда Казакстан менен Өзбекстанга эс алуучулар көп барат да. Демек, алар сөзсүз бизге да кайрылып кетет. Кыргызстан акыркы учурда туристтерди тартуу, өнүктүрүү иш-аракеттерин кылып жатпайбы? Бул жакшы жардам бермек. Менин оюмча, эң биринчи кызыкдар болуп, биз биринчи киргизсек жакшы болот. Ал эми коопсуздук жагын айта кете турган болсом, андан коркпошубуз керек. Бүгүнкү күндө техника, интернет деген нерселер абдан өнүккөн. Кирип же чыгып жаткан адамдар тууралуу маалыматты алууга болот. Анын үстүнө, мындай виза дүйнөнүн көп жеринде эле колдонулуп келет.
КМШ өлкөлөрүнө бирдиктүү виза киргизүү үчүн көп убакыт талап кылынат
Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов КМШ өлкөлөрүнө бирдиктүү виза киргизүү сунушу жакынкы арада ишке ашарына көзү жетпейт. Дагы бир маселе, башка өлкөлөр арасында кызматташтык мамилеси жөнгө салынбай жатканда, мындай кадамга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтат. Ошондой эле Осмонбетов бирдиктүү визаны киргизүүгө бир топ убакыт талап кылынарын да белгилеп өттү.
— Азыр карап көрсөк, КМШга кирген 9 мамлекетте абдан чоң айырмачылык бар. Алсак, укуктук жактары. Ар бирөөнүн коопсуздук системасы бар. Аны өздөштүргөнгө, туруктуу жасаганга жана легалдаштырууга абдан көп убакыт кетет. Менин оюмча, бул — жөн гана сунуш. Бириккен Европа «шенген визасын» 40-50 жылда араң киргизген. Бириккен Европа менен КМШ мамлекеттерин салыштырганга болбойт. Эмне үчүн? Шенген визасында тышкы саясат жана коопсуздукту караган, дыкат иштеген органдары бар. Бул маселени да эске алышыбыз керек.
Бирдиктүү виза аркылуу террорист же башка шылуундарга жол ачып берип коюшубуз мүмкүн
Ал эми эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул бирдиктүү визаны колдогону менен коопсуздук жагынан коркунуч жаралышы мүмкүн экенин айтат. Себеби, КМШ өлкөлөрүнө бирдиктүү виза кирип кала турган болсо, мамлекеттер арасында террорист же башка шылуундардын кирип кетүүсүнө жол ачып коюшубуз ыктымал. Мындан тышкары, бул сунушту ишке ашырууда эң алгач өлкөлөр арасындагы мамилелерди жөнгө салуу керек.
— КМШ мамлекеттеринин жарандары бири-бири менен сүйлөшүп кете аларынан күмөнүм жок. Бул жерде маселе коопсуздукта болуп жатат. Маселен, Кавказ мамлекеттери бири-бири менен жакшы мамиледе эмес экенин билебиз. Коңшу Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси эми гана жөнгө салынып келатат. Сунуш абдан жакшы. Башка мамлекеттер арасындагы элдин бири-бири менен пикир алмашуусу, тажрыйба бөлүшүүсү жагынан бир топ оң жактары бар. Бирок коопсуздук маселесин дыкат караш керек.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстан менен 55 өлкөнүн ортосундагы 60 күндүк визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн андан ары узартуу демилгесин көтөрүп чыккан. Бул маселе Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде каралып, Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Демилгечи мындай сунушка макул болгон.