Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: Украинада өткөн шайлоодон дүйнө эли үлгү алып жатат

Күн чекит | 22 Июл 2019 | 870 | 0

Украина президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы коалициясыз, өз алдынча өкмөт куроо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн. Мындай жыйынтыкка Украина БШКсы 62 % добушту санап бүткөн соң келишкенин «Борбордук Азия жаңылыктары» кызматы жазды.

«Интерфакс Украина» агенттиги маалымдагандай, анын партиясы бир мандаттуу окуругдардан шайланып келген 225 депутаттын эң кеми 115инин добушуна ээ болот. Мындан тышкары, тизме боюнча дагы 121 добушу бар. Бул партия Украинанын тарыхында биринчи жолу Жогорку Радада абсолюттук көпчүлүккө ээ болуп, өз алдынча өкмөт курайт дегенди билдирет. Биз бул теманын тегерегинде эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

— Украинадагы партиялык шайлоодо Владимир Зеленскийдин партиясы алдыда келе жатат. Буга эмне жардам берди?

— Украинада өткөн шайлоо — өзүнчө саясий окуя. Элита аралык революция десек болот. Эмне үчүн? Анткени, азыр расмий жыйынтык жок. Бирок беш партия өтөт. Анын сап башында Зеленскийдин партиясы турат. Бул шайлоо башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө өттү. Маселен, шайлоодо ырчынын партиясы да алдыңкы орундардын бирин алды. Бул да болсо — өзгөрүү. Жаңы саясий күчтөр, болгондо да, мурда эч качан саясатка аралашпаган адамдар келди. Бул украниалыктар үчүн жакшы болуп жатат. Анткени, алар эски жүздөрдөн тажаган.

— Мурунку парламент Владимир Зеленскийге бир топ ыңгайсыздык жаратып келгени белгилүү, азыркы парламент реформа кылууга жол ачып бере алабы?

— Албетте. Май айында 73% менен Зеленский президент болуп шайланган. Анны үстүнө партиясы да алдыңкы орунда келе жатат. Ишеним да өстү. Парламентте анын партиясы негизги күч болуп жатса, демек, Зеленскийдин жоопкерчилиги күчтүүрөөк болот. Ал эми мурунку саясатчылар бардык жактан артта калды.

— 5 партиянын ортосунда келишпестик орун алышы мүмкүнбү?

— Албетте, болот. «Голос» партиясы: «Зеленский менен сөзсүз коалицияга барабыз. Бириккен Европага киребиз, НАТОго мүчө болобуз. Улуттук кызыкчылык корголсо, эч кандай маселе жаралбайт», — деди. Алдыда премьер-министрди шайлоо бар. Бул жерде: «Ким болот?» — деген суроо жаралып жатат. Тимошенко: «Мен болом», — деген оюн айтты. Зеленский: «Мага жаш, саясатка аралашпаган, бирок экономиканы мыкты билген адам керек», — деди. Мындан улам, келишпестик жаралары айдан ачык болуп калды. Алдыңкы 2-3 айда маселеси кандай чечилерин көрөбүз да.

— Дүйнө элинин Украинада өткөн партиялык шайлоого берген баасы кандай болууда?

— Шайлоо ачык-айкын өттү. Менин оюмча, таза жана өзгөчө шайлоо болду. Мындан улам, дүйнө эли кызыгуу менен карап турат. Үлгү тутуп, баалагандар да көп.

Copyright © 2017 Maral FM