Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ: Сооданы солгундаткан ички тоскоолдуктар

Экономика | 2 Окт 2019 | 68 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда Армениянын баш калаасы Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Жыйын адаттагыдай тар жана кең чөйрөдө өтүп, анын жыйынтыктарынын негизинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразия Экономикалык Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында ЕАЭБ күчтүү интеграциялык бирикме боло алганын айтты. 2018-жылы экономикалык ири державалардын ортосунда соода-сатык жаатында тиреш жүргөнүнө токтолуп, биримдиктин экономикасына терс таасирин тийгизгенин да кошумчалады.

— 2018-жылы дүйнөнүн ири экономикалык державаларынын ортосундагы соода-сатык мамилелеринде чыңалуунун кыйла күчөшү орун алды. Мындан тышкары, бул процесстердин биздин биримдиктин ичиндеги экономикалык абалына тийгизген терс таасирин көрүп жатабыз. Геоэкономикалык аспектилерден тышкары, биздин өзүбүздүн жетишсиз ишибиз дагы ич ара соода-сатыктын көлөмүнүн өсүшүнүн жайлашына себеп болууда. Кыска мөөнөттүү пайданын артынан кууп, айрым өлкөлөр мамлекеттик көзөмөлдү катуулатып, кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатышат. Интеграциялык бирикмелерде өлкөлөр товарларды ташуунун ылдамдыгын жана көлөмүн көбөйтүүнүн жардамы менен продукциянын өз баасын арзандатуу аркылуу киреше табышат. Биз болсо чындыгында бири-бирибиз менен талашып-тартышып жатабыз. Биздин Өкмөттөр ички рынокто тоскоолдуктарды жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүшү керек. Аларды жокко чыгарбасак, Биримдигибиз максаттарына жетпей калышы ыктымал.

Күндүн сүрөтү: Президенттердин Еревандагы селфиси

Ал эми Орусиянын президенти Владимр Путин Сингапур менен Биримдиктин ортосундагы көрсөтүлгөн кызматты соодалоо боюнча келишим өлкөлөр ортосундагы товарды экспорттоонун, импорттоонун көлөмүн жогорулатарын айтат. Ошондой эле, «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикасын көтөрүүдө Сингапурдун орду жогору», — деп эсептейт.

— Мамлекеттердин экономикасынын өсүүсүндө Сингапурдагы эркин соода жүгүртүү боюнча келишимдин ролу жогору болот. Маселен, ар тармактуу импорт жана экспортту өстүрүүдө жакшы шарттарды түзүп берет. Мен бир нерсени баса белгилеп кетким келет, Сингапур — абдан ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш. Экономикасы бат өнүккөн жана административдик айлантуу кадамдары күчтүү экенинен күмөнүм жок.

Биримдик түзүлүп жаткандагы келишимдин суммасы кайра каралышы керек 

Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Кеңештин кезектеги жыйыны мамлекеттин экономикасына эмне берди жана эмне берет? Биз бул суроо менен экономист Эрлан Камаловго кайрылдык. Ал жогоруда айтылган жыйындарда ЕАЭБдин буга чейинки оркойуп турган көйгөйлөрү чечилип жатканына токтолду. Ошол эле учурда, негизги көйгөй катары Биримдик жаңы түзүлүп жаткандагы келишимде жазылган суммалардын көрсөткүчтөрү кайрадан каралбай жатканын белгилейт. Себеби, мамлекеттердин  ички дүң өндүрүмү ар дайым бир көрсөткүчтө турбайт.

— Мындай жыйындар көптөгөн көйгөйдү чечүүгө жол ачат. Ар бир жолугушууда мамлекеттердин башчылары өз өлкөсүндө орун алып жаткан Биримдик боюнча кемчиликтерди айтып, маселе ордуна келип калат. Бирок Кыргызстан үчүн ЕАЭБ буга чейин жогорку көрсөткүчтөгү өсүүнү бере алган жок. Бирок бүгүнкү күндө ар тараптуу документтерге кол коюлду. Бул да болсо — жакшы иштин башаты. Бирок Биримдик түзүлгөндө беш мамлекетке ортодон түшкөн каражаттар бөлүнүп турары да белгиленип, келишимге кол коюлган да. Кыргызстандыкы ошондо 2 % менен бекилип калган. Бул — аз көрсөткүч. Анткени, ички дүң өндүрүм күн сайын, жыл сайын өзгөрүп турат. Ошол багытты да эске алышыбыз керек болуп жатат.

Эркин экономикалык аймак түзүү керек…

Ал эми эл аралык мамилелелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетовдун пикиринде, ЕАЭБде эркин соода жок. Маселен, Казакстан Кыргызстандын азык-түлүгүн бажыдан өткөрөрдө ар кандай текшерүүлөрдөн соң киргизет. Бул өңдүү көйгөй абдан көп. Ошол эле учурда, Биримдиктеги өлкөнүн ички рыноктук саясаты бизнесмендер  үчүн болуп көрбөгөндөй тоскоолдук жаратып келерин айтат.

— ЕАЭБге 5 мамлекет кирген. Демек, ошол беш мамлекеттин ортосунда эркин соода жүрүшү керек эле. Бул маселе азыр кандай? Жок, максатына жетпей жатат. Маселен, алыс кетпей, Казакстанды алып карайлы. Рыноктук саясатка такап, көп нерсе көйгөй менен өтүп жатат. Ал эми Ереванда өткөн жыйындын максаты ЕАЭБди дагы жаңы деңгээлге көтөрүү болду. 2020-жылы энергетика, нефти ж.б.у.с. жаңы базарлар ачылат. Ошон үчүн өлкө башчылар, премьер-министрлер олуттуу көз караш менен карап, ЕАЭБ туруктуу болот же болбойт деген маселелерди чечиши керек. Дагы бир нерсе, биз биримдикке мүчө болгондон кийин Кыргызстандын товарлары ошол мамлекеттерге эркин кирип сатылышы керек. Бул келишимде көрсөтүлгөн.

Армениянын баш калаасы Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Кеңештин кезектеги жыйынында интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM