Күндүн сүрөтү: Президенттердин Еревандагы селфиси

Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышууда. Иш-чаранын алдынан ЕЭКтин мүчө өлкөлөрүнүн башчылары селфиге түштү. Бул сүрөттөр Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашиняндын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынынын алкагында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары «Евразия континентинин транзиттик мүмкүнчүлүгү» форумунда катышышат.