Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги Орусия менен 500 млн. долларлык келишим түздү

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2019 | 608 | 0

Айыл чарба тармагында Орусия менен жалпы суммасы 500 млн. доллардык 29 келишим жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын компаниялары Ош менен Бишкекке ири логистикалык борбор салууга далалат кылып жатат.

«Бүгүнкү күндө соода логистикалык борбордун курулушу замандын талабы. Учурда өлкөдө 7 логистикалык борбор бар. Бишкектеги борборду Орусия менен чогуу «Дордой» ассоциациясы курат. Ал эми Ошко салынчу логистикалык борбор үчүн Кыргызстандан кызыкдар тараптар изделүүдө. Орусия биздин экологиялык таза азыктарды импорттоого кызыкдар. Биз ВСП+ макамын колдонуп, Орусияга экспортту көбөйтүп жатабыз», — дейт Чодуев.

Ал буга кошумча, Орусия менен түзүлгөн келишимдер эки тараптуу кызыкчылыкты коргой турганын айтып, Кыргызстан инвестиция тартуудан коркпошу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM