Биз менен байланышыңыз

Путиндин сапары: жетишилген келишимдер

Саясат | 28 Мар 2019 | 919 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган алгачкы мамлекеттик визитинин алкагында 17 келишимге кол коюлду. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын тар чөйрөдө өткөн сүйлөшүүлөрүндө соода-экономикалык тармагына басым жасалды. Аймактык коопсуздукту камсыздоо максатында аскердик-техникалык тармак боюнча кызматташуу тууралуу да сөз болду. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тар чөйрөдө өткөн жолугушууда Кыргызстан менен Орусиянын соода алмашуу көлөмү өскөнүн айтып, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү макулдашышканын жар салды.

-Кыргызстан менен Орусиянын өткөн жылкы соода алмашуусу өстү. Өнөктөш өлкөдөн тартылган инвестициялар 123 млн. долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 27%га көп. Биз бизнес тармагындагы тоскоолдуктарды жок кылууга өзгөчө көңүл бурдук. Ошондой эле айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча да сүйлөштүк. Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын Орусиянын рыногуна чыгуусуна шарт түзөт.  Ошондой эле транспорт, темир жол, энергетика жана өндүрүштүк кооперация боюнча орток инфраструктуралык курулуштар тууралуу да талкууладык.

«Кант» авиабазасынын макамы өзгөрөт

Владимир Путин Кыргызстанды өзү жетектеген мамлекеттин стратегиялык жактан өнөктөшү экендигин айтып, бардык тараптан кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Эки өлкө ортосундагы соода алмашуу өткөн жылы 17 %га өсүп, 2 млрд. долларды түзгөнүн, ушул жылдын январындагы көрсөткүч 25 %га дагы жогорулаганын айтты. Орусиянын ишканалары Кыргызстандагы бардык тармактарда иш алып барып жатканын, эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен 700 ишкана бар экенин да билдирди.

-Жаратылыш казыналар боюнча да кызматташууну сүйлөштүк. ВТБ банкы, “Группа Альянс” жана кыргызстандык «Альянс Алтын» ишканасынын ортосунда келишим түзүлүп, “Жер үй” алтын кенин иштетүүгө киришишет. Жогорку технологиялар жаатында күн электр энергиясын колдонуу үчүн орусиялык «Биэль групп» компаниясы Кыргызстанда ишин баштоого даяр. Ошондой эле Орусия ЕАЭБдин алкагында Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү улантып келе жатат. Орусия 200 млн. доллар бөлүп, ага чек ара өткөрмө пункттары жана бажы бөлүмдөрү оңдолуп жатат.

Владимир Путин муну менен катар аймактык кызматташуу тууралуу да айтып, аймактар аралык конференциянын мааниси, орду жогору экендигин белгиледи.

Жээнбеков миграциялык каттоого алуу процедураларын жеңилдетүүнү өтүндү

Жолугушууда «Кант» авиабазасынын макамын өзгөртүү жөнүндөгү документке кол коюлду. Анда база үчүн Кыргызстанга төлөнчү ижара акысы көбөйтүлүп, ал аймактагы учуп-конуучу тилкени оңдоо каралган. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшембиев айтты.

-Орусия жыл сайын авиабазанын жер тилкеси жана анын айланасы үчүн  4,5 млн. доллардан төлөп келген. Жаңы макулдашууга ылайык, эми 4 млн. 790 миң доллар төлөп баштайт.

Жолугушууда мындан тышкары темир жол тармагында меморандум, Мунай жана мунайзатты жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол, Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Орусиянын «Газпром» Ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы кабыл алынды.

Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы тууралуу 17 документке кол коюлду

2020-жыл Кыргызстанда «Орусия менен кызматташуу жылы» деп жарыяланат

Бул мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкө ортосунда инвестиция жана экспорт тармагында түзүлгөн келишимдердин көлөмү 6 млрд. доллардан ашты. Экономика министри Олег Панкратовдун эсептешинче, алардын ичинен күн энергиясы менен иштеген монокристаллдык пластиналарды Кыргызстанга алып келүү боюнча сунушу өзгөчө.

Орусиялык «Хевел» ишканасы кыргызстандык “Астра” менен узак мөөнөттүү келишим түзүп, Орусия аймагында күндүн кубатын иштеткен электростанцияны ачууга кызыгып жатат. Алдын ала эсеп боюнча жылдык экспорт 500 млн долларга чейин жетет деп ойлоп жатабыз.

Кошумчалай кетсек, президенттердин жолугушуусуна удаа эле кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун I форуму, бизнес форум жана аймактар аралык конфереция өттү. Бул Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган биринчи мамлекеттик сапары болду.

Жээнбеков Путинге аргымак менен тайган белек кылды

Copyright © 2017 Maral FM