Биз менен байланышыңыз

2020-жыл Кыргызстанда «Орусия менен кызматташуу жылы» деп жарыяланат

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 872 | 0

Келерки 2020-жыл Кыргызстанда «Орусия менен кызматташуу жылы» деп жарыяланат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Президенти Владимир Путин менен болгон бүгүнкү чакан жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөрдөн жана жыйынтыктоочу документтерге кол коюлгандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жасаган билдирүүсүндө айтты.

«Келерки 2020-жыл Кыргызстанда «Россия менен кызматташуу жылы» деп жарыяланат. Ушундай эле кадам Россия тараптан да жасалат.  Бул иш-чаралар биздин стратегиялык союздаштыгыбызды чыңдоого кошкон олуттуу салым болуп калат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM