Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Путинге аргымак менен тайган белек кылды

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 1293 | 0

Призидент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинге аргымак менен тайган белек кылды

Жээнбеков өзүнүн белектерин бүгүн, 28-мартта Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинде тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинде Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы тууралуу 17 документке кол коюлду. Ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын инвестиция, экспорт боюнча түзгөн келишимдеринин жалпы суммасы 6 миллиард доллардан ашты. Мындан сырткары, Орусия Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо максатында 30 млн. доллар кайтарымсыз каржылык жардам берет.

Copyright © 2017 Maral FM