Биз менен байланышыңыз

«Кант» авиабазасынын макамы өзгөрөт

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 1017 | 0

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимдин негизинде «Кант» авиабазасынын макамын өзгөртүү жөнүндөгү документке кол коюлду. Мындай жарлык эки өлкөнүн президенти чакан форматта сүйлөшүү өткөргөндөн кийинки эки тараптуу документтерге кол коюу аземинде белгилүү болду.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев Орусия жыл сайын авиабазанын жер тилкеси жана анын айланасы үчүн төлөгөн акы 4,5 миллион доллардан көбөйтүлгөнүн айтты.

«Кант» авиабазасы Кыргызстанда 2003-жылы октябрь айында Жамааттык коопсуздук келишими боюнча уюмдун (ЖККУ) Тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн компоненти катары ачылган,» — деди Райымберди Дүйшөмбиев.

Copyright © 2017 Maral FM