Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы тууралуу 17 документке кол коюлду

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 790 | 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта төмөндөгүдөй аталаштагы 16 меморандумга жана макулдашууга кол коюшту:

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрынан Кыргызстандын аймагында Бириккен Орусия аскердик базасынын статусу жана болуу шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Протокол;

Аскердик-фельдъегердик-почта байланышы жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргыз  Өкмөтү менен Орусия Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу;

Мунай жана мунайзатты жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;

Кыргызстан Экономика министрлиги менен Орусия Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара иштешүү жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Орусиянын интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы PatSearch патенттик издөөнүн маалыматтык-издөө системасына кирүүгө уруксат берүү тууралуу Макулдашуу;

Кыргызстан транспорт жана жолдор министрлиги, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы менен Орусиянын транспорт министрлиги, «Россия темир жолдору» ачык акционердик коомунун ортосунда Кыргызстан аймагындагы темир жол тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө Меморандум;

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Орусиянын Агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Орусиянын Спорт министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын Адамдын бакубаттуулугун жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргызстандын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Орусиянын Улуттар иши боюнча Федералык агенттигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Орусиянын «Газпром» Ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы;

ВТБ банкы менен «Группа Альянс» ААК жана «Альянс Алтын» ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

«Орус-Кыргыз Өнүктүрүү» фонду менен Орусиянын түз инвестициялар фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

«Астра Солар» ЖЧК, «Хэвел» ЖЧК менен ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын ортосунда продукцияларды экспорттоо жөнүндө Меморандум;

Кыргызстан менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-2021 жылдарга кызматташтык жөнүндө Жол картасы;

Кыргызстандын Жогорку окуу жайлар ассоциациясы менен Орусиянын Ректорлор союзунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы менен РФ Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат Академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандум;

Copyright © 2017 Maral FM