Президент Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, Орусия лидеринин мамлекеттик визитин жыйынтыктап, Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту.
Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы салгылаштарда курман болгон баатырларды бир мүнөт эскеришти.
Эске салсак, бүгүн 28-мартта Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинде Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгы тууралуу 17 документке кол коюлду. Ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын инвестиция, экспорт боюнча түзгөн келишимдеринин жалпы суммасы 6 миллиард доллардан ашты. Мындан сырткары, Орусия Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо максатында 30 млн. доллар кайтарымсыз каржылык жардам берет.