Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын үч балбаны Түркияда олимпиадага тандоо турнирине катышат

Кыска кабар , Спорт | 3 мая 2024 | 977 | 0

Кыргызстандан грек-рим күрөшү боюнча 3 балбан Түркияда өтө турган турнирге катышат. Анда Париждеги олимпиада оюндарына лицензия ойнотулат.

87 кг чейинки салмакта Азат Салидинов, Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта, Роман Ким 130 кг салмак категориясында катышат.

Париждеги Олимпиада оюндарына акыркы тандоо 9-12-майда Стамбулда өтөт. Франциядагы олимпиада оюндарына жолдомо  1-2-3-орунду ээлеген сспортчуларга ыйгарылат.

Учурда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын эсебинде Париждеги Олимпиадага 3 лицензия бар.

Кече 2-майда эркин күрөш боюнча тандоо турнирине Кыргызстандан 4 балбан катышаары белгилүү болгон. Эркин күрөш боюнча кыргызстандын курама командасында учурда эки жолдомо бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM