Биз менен байланышыңыз

[ФОТО] Путиндин AURUS SENAT лимузини тууралуу кызыктуу фактылар

Блог | 28 Мар 2019 | 2288 | 0

Орусия президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга бүгүн таң эрте учуп келди.  Путиндин өзүнүн ок өтпөс унаасы да кошо келгени учурда социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Мындан улам Орусия президентинин унаасы тууралуу кызыктуу фактыларды чогулттук.

«Аурус сенат (AURUS SENAT)» унаасы Орусияда атайын расмий иш-чаралар үчүн «Кортеж» долбоорунун алкагында куралган. Алгачкы ачылышы 2018-жылы май айында Путиндин инаугурациясына болгон. Салмагы — 7 тоннага жакын. Узундугу — 5,63 метр. Ок өткөрбөй турган сапаты менен да өзгөчөлөнөт. Баасы — 10 млн. рубль.

Ал башында Орусия президенти Путин жана өкмөт башчы Дмитрий Медьведев үчүн гана чыгарылса, учурда башка жарандар үчүн да алдын ала буюртма менен чыгарыла баштады. Айрым маалыматтарда азыр 200 адам ушундай унаага буюртма бергени айтылат.

 

Золотой «Кортеж» Путина: Aurus вызвал ажиотаж в ЖеневеЗолотой «Кортеж» Путина: Aurus вызвал ажиотаж в ЖеневеЗолотой «Кортеж» Путина: Aurus вызвал ажиотаж в ЖеневеЗолотой «Кортеж» Путина: Aurus вызвал ажиотаж в ЖеневеЗолотой «Кортеж» Путина: Aurus вызвал ажиотаж в Женеве

Copyright © 2017 Maral FM