Биз менен байланышыңыз

Министрлик форумдагы ката боюнча үн катты

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Мар 2019 | 1607 | 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ректорлор форумундагы ката боюнча “Марал” радиосуна  комментарий берди.

Анын айтымында, министрликтин адистери сүйлөмдү туура жазып берген. Ката басмакана тарабынан кетирилген.

«Ректорлордун I форуму өттү. Албетте, трибунадагы каталар мени да капалантты. Айта кетчү жагдай, ал бизден эмес, басмаканадан кеткен ката. Коомчулукка айтарым, бир ката үчүн форумдун жакшы жагдайларын көз жаздымда калтырбасак…», — деди Жусупбекова.

Эске салсак, кечээ Кыргызстан — Орусия ЖОЖдорунун I Форуму болуп өтүп, андагы трибунанын алдына жазылган сүйлөмдөгү каталар коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Бир ката Кыргызстан менен Орусияны бир өлкөгө айландырды

Copyright © 2017 Maral FM