Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ректорлор форумундагы ката боюнча “Марал” радиосуна комментарий берди.
Анын айтымында, министрликтин адистери сүйлөмдү туура жазып берген. Ката басмакана тарабынан кетирилген.
«Ректорлордун I форуму өттү. Албетте, трибунадагы каталар мени да капалантты. Айта кетчү жагдай, ал бизден эмес, басмаканадан кеткен ката. Коомчулукка айтарым, бир ката үчүн форумдун жакшы жагдайларын көз жаздымда калтырбасак…», — деди Жусупбекова.
Эске салсак, кечээ Кыргызстан — Орусия ЖОЖдорунун I Форуму болуп өтүп, андагы трибунанын алдына жазылган сүйлөмдөгү каталар коомчулукта катуу талкуу жараткан.