Бүгүн, 27 мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунан 31 жана Орусия Федерациясынын ЖОЖдорунан 40 ректор катышкан «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» аттуу I Форум болуп өттү.
Форумдагы коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурган жагдай, президент чыгып сүйлөгөн трибунадагы жазуу болду. Анда «Первый Форум ректоров вузов Российской Федерациии Кыргызской Республики «Развитие науки и образования-инвестиции в будущее» 27 марта 2019 года, город Бишкек» деп жазылган. Ошондо «Кыргыз өлкөсү Орусия мамлекетинин административдик аймагы болуп саналабы?» — деген ойго жетеленесиң аргасыз.