Биз менен байланышыңыз

Аскаров: ЕАЭБке кирүү Кыргызстанга ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачты

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 455 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» VIII кыргыз-орус аймактар аралык конференциясына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Анда Замирбек Аскаров Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын жолугушуусу эки өлкөнүн мамилелериндеги тарыхый бурулуш болорун белгиледи. Ошондой эле республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн жаңы интеграциялык моделине өтүү баскычы болуп калганына токтолду.

«Мезгил көрсөткөндөй, бул туура жол жана ал Кыргызстан үчүн ар тараптуу өнүгүүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн ачты. Бул өңүттөн алганда Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо тышкы экономикалык саясаттын биринчи орундагы артыкчылыгы болуп саналат жана биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына толук кандуу жооп берет. Биздин мамлекеттердин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүсүнө оңтойлуу таасир берген негизги факторлордун бири эркин рынок болушу керек деп эсептейм. Тоскоолдуктар жана чектөөлөр канчалык аз болсо, ал ошончолук натыйжалуу иштейт», – деди Замирбек Аскаров.

Мындан сырткары вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Евразия экономикалык комиссиясы продукцияларды экспорттоо менен импорттоодогу тоскоолдуктарды жана артыкча чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштерди тездетүү зарылдыгына токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM