Биз менен байланышыңыз

Орусияда жүрүп бараткан трамвай өрттөндү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 270 | 0

Орусиянын Ульяновск шаарында жүргүнчүлөрдү ташып бараткан трамвайдан өрт чыкты. Жапа чеккендер болгон жок. Бул тууралуу жергиликтүү шаар бийлигинин билдирүүсүнө таянып «РИА новости» маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жүрүп бараткан трамвайдан өрт тутанган. Бактыга жараша жүргүнчүлөр өз убагында эвакуацияланган.

Шаардын Засвияжск районундагы болгон окуя тууралуу тийиштүү мекемелерге кабар берилген. Өрт өчүрүү, куткаруу кызматтары маалымат келгенден 6 мүнөт өткөндө жерине барып кырсыкты четтеткен.

Учурда кырсыктын келип чыгышы аныкталууда.

Copyright © 2017 Maral FM