Биз менен байланышыңыз

Медетбеков: Кыргызстан — бирдиктүү база курууга ыңгайлуу жер

Күн чабыт | 27 Мар 2019 | 39 | 0

«Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарында өлкөгө бирдиктүү аскер базасын куруу тууралуу демилге көтөрүлүп, келишим түзүлүшү мүмкүн», — деген имиштер айтылууда. Эгер бул демилге чындап ишке ашып кала турган болсо, өлкөгө кандай пайда алып келиши мүмкүн? Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков  менен маектештик.

-Артур мырза, «Владимир Путиндин мамлекеттик сапарында лкөгө бирдиктүү аскер базасын куруу тууралуу демилге көтөрүлүп, келишим түзүлүшү мүмкүн», — деген жоромолдор айтылууда. Эгер курулуп кала турган болсо, аскердик базанын артыкчылыгы эмнеде болот жана аны Кыргызстанга куруунун пайдасы барбы?

— Бирдиктүү база Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы гана келишим болбойт. Бул Жамааттык коопсуздук жана келишим уюмунун Кыргызстанда жайгашкан базасы болуп эсептелет. А ЖККУга Тажикстан, Кыргызстан, Белорусия, Армения, Казакстан, Орусия мамлекеттери кирет. Демек, аталган база өзгөчө  мааниге ээ болот.  ЖККУнун онго жакын өздүк батальону бар. Аларга ошол мамлекеттерде түзүлгөн аскердик уюмдар кирген. Кокус, Кыргызстанга сырттан агрессиялык же террористик кол салуулар боло турган болсо, же чек ара маселелери жарала турган болсо, албетте аталган уюмдун аскерлери жардамга келишет. Бул калыптагы база ЖККУнун атайын даярдыктагы ыкчам күчү болуп эсептелет. Өзгөчө авиация жагынан. Биз билебиз, Кыргызстанга 2014-жылы 1млрд $га жакын каражатка аскердик техника жана курал-жарактарды алып берүү боюнча маселелер көтөрүлгөн. Ошондон бери мамлекетибизге дагы деле жардамдар берилип жатат. Алсак, аскердик кызматтын билдирүүлөрү боюнча 125-130 млн сом жардамдар берилди. Демек, келишимден кийин толук ишке ашат десек болот.

-Бул база жалпы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна таандык деп атасыз. Андай болсо, эмне үчүн башка өлкөлөр эмес, Кыргызстан тандалып алынышы мүмкүн?

-Биринчиден, Кыргызстан башка өлкөлөргө караганда, геосаясат, геоэкономикалык жагынан жана географиялык жактан абдан ыңгайлуу жер. Экинчиден, Канттагы авиабазада Советтер Союзунун убагында эле авиа аскердик деген өзүнчө бөлүм бар болчу. Ошонун негизинде башка жактан жаңы аэродром курулуп, же башка техникаларды издеп жүрбөй, аталган базанын негизинде түзүлүп калган. Биз дагы бир нерсени айта кетишибиз керек. Канттагы авиабазадан башка да Кыргызстанда Орусия менен келишимде согуштук куралдарды сыноого мүмкүнчүлүк берилген. Атайын ретранслятордук станциялар бар. Азыркы учурда алар да ижара төлөп иштеп жатышат. 

-Базанын курулушу Орусиянын Кыргызстанга болгон үстөмдүк таасирин күчөтпөйбү?

-Бүгүнкү күндө ушундай суроолор көп берилет. Эми ачыгын айтыш керек, Кыргызстандын миллиондон ашык жараны Орусияда иштеп жатат. Алардын 500 миңден ашыгы ошол жактын жарандыгын алды. Сиз кандай деп ойлойсуз? Ошолордун таасири барбы Кыргызстанга? Албетте, бар. Себеби биздин жарандар бул жакка миллиардан ашык акча которуп жатышат. Турак жай сатып алып, салыгын төлөп жатышат. Экинчиден, бизде болуп жаткан маалымат алмашуу, техника, окуулардын көбү орус тилинде. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө аскердик таасирлер да көп. Өзүбүздү эбегейсиз мамлекет деп эсептегенибиз менен  стратегиялык жактан Орусия менен өнөктөш болуп жатпайбызбы. Кыскасы, бири-бирибизге болгон таасирлер арбын. Ошондуктан бул маселени бир эле жактуу эле карай бергенибиз туура болбой калат. Анын үстүнө Кыргызстан чоң мамлекет эмес. Бюджети, экономикасы, аскери да чакан. Дүйнө жүзүндөгү ири мамлекет Орусия менен стратегиялык жактан өнөктөш болуп, жардамын алып, бир багытта иштей берсек, өлкөбүз эч кандай жапа да тарпайт жана кыйналбайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM