Биз менен байланышыңыз

Путиндин иш сапарында Кыргызстанга экинчи аскер база ачуу жөнүндө маселе коюлбайт

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 426 | 0

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында экинчи базаны ачуу жөнүндө маселе коюлбайт. Бул тууралуу кечээ 26-мартта президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын 20-сентябрындагы Россиянын Кыргызстандагы бириккен аскер базасы жөнүндөгү Келишимдин протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралышы күтүлүүдө.

Азырынча айтыла турган маалыматтар ушулар, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, дейт Д.Сыдыков.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 28-мартка белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM