Биз менен байланышыңыз

Зилалиев президентке кезектеги кайрылуусун жолдоду

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 657 | 0

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго кезектеги кайрылуусун жолдоду. Анда акыркы президенттик шайлоо алдында аны ашынган “жээнбековчу” деп аташканын белгилеген. Мындай маалыматты анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова «Марал» радиосуна ырастады.

“Бүгүнкү күндө коомчулукта ойго келбеген окуялар болуп жатат. 2017-жылы президенттик шайлоодо бирөө (Атамбаев) досу Жээнбековго каршы иштегендерди жазалап, айрымдарын кызматтан кетирген. Ал эми экинчиси (Жээнбеков) шайлоодон кийин шайлоодо аны колдогон көптөгөн жетекчилерди кызматынан бошотту, ал эми айрымдарын камакка алды. Парадокс!”, — деп жазат Зилалиев кайрылуусунда.

Ал учурда эки жээкте калган мурдагы эки дос Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековго кайрылып: “Силер ичи ара келишпестигиңер менен баарын тажаттыңар! Силер мамлекетти кооптуу абалга алып келдиңер. Мамлекет жана бүтүндөй Кыргызстандын эли бул тирештин туткуну жана курмандыктары болуп калууда”

Бир жылдан ашык убакыттан бери өлкөнү өнүктүрүү эмес, коомчулук алдында бирин-бири каралоо, Атамбаевдин жактоочуларын куугунтуктоо сыяктуу көрүнүштөргө күбө болуудабыз. Көпчүлүк учурда эч кандай айыбы жок адамдар, алардын үй-бүлөсү жабыркап жатат. Бул жат көрүнүш өзүнүн мыйзам ченемдүү кульминациясына келе жатат. Экөө мушташса, үчүнчүсү утат деген сыңары учурда үчүнчү күчтөр пайда болгону коомчулук түшүнүп калды”, — деп белгилейт Дүйшөнбек Зилалиев.

Ал Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКнын тергөө абагынан Салайдин Авазов, Жантөрө Сатыбалдиева жана Темирлан Биримкуловду бошотуу боюнча буйрук берүүсүн суранды.

“Сиз учурда 60 жаштасыз. Сооронбай Шарипович, алардын абалын жакшы сезип-туясыз. Мен эмне жөнүндө айтып жатканымды сиз жакшы түшүнүшүңүз керек. Алардын ден соолугу жакшы эмес. Алар бир жылдан бери камакта. Кыйын учурду баштан кечиришти”, — деп айтылат карылууда.

Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз байыган деп айыпталган. Анын декларацияга катталбаган үйү, батири жана миллион долларлык банктык эсептери аныкталган. Ал муну саясий шоу деп эсептеп, тагылган айыптарды четке кагып келет.

Copyright © 2017 Maral FM