Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Абылгазиев чечкиндүү болбой жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2019 | 676 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Маралга берген маегинде өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев чечкиндүү болбой жатканын билдирди.

Анын айтымында, айрым маселелерде өкмөттүн бар же жок экени байкалбайт. Абылгазиев олуттуу реформаларга бара алган жок.

«Абылгазиев консервативдик жол менен иштеп жатат. Өкмөттү бир жылга жеткирбей, отчетун албай туруп кетирүүнү токтотушубуз керек. Иштебей жаткан министрлер кетип, ордуна башкалар келиши зарыл. Өкмөт азыр өткөөл убакта чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Премьер-министр кадрдык маселелерге келгенде ыйгарым укугун толук пайдалана албай жатат. Бирок ошону менен катар мигранттардын мунапысы, айыл чарба, ипотека боюнча көрүнбөгөн бирок чоң иштер чечилүүдө», — дейт Казакбаев.

Эл өкүлү өкмөт башчынын санариптештирүү боюнча кабыл алып жаткан чараларын артыкчылык катары баалады.

Copyright © 2017 Maral FM