Биз менен байланышыңыз

Трамп: AKШ менен Кыргызстандын кызматташтык келишимин ийгиликтүү түзүлүшүн күтүп жатам

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 675 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүүдө. Мындай пикирин ал президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктоо телеграммасында билдирген.

Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам,”- деп билдирген Дональд Трамп.

 

Copyright © 2017 Maral FM