Биз менен байланышыңыз

УКМК пара алып жаткан айыл өкмөт башчысын колго түшүрдү

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 568 | 0

Чүйдүн Ысык-Ата районунун Кен-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу 1967-ж.т. С.Д. 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Шектүү мындан бир апта мурда кармалганын улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул факты жер мыйзамдары чөйрөсүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын алдын алуунун алкагында УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын аракети аркылуу иш ашкан.

2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20га жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. Участокту алып башка адамдарга өткөрүп берүү менен коркутуп, С.Д. аталган жер участокко зарыл болгон документтерди даярдап берүү үчүн Ж.К. аттуу жарандан 5 миң АКШ долларын талап кылган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326- опузалап пара талап кылуу беренесинин 1-бөлүмү кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM