Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы кыргызстандыктарга “миграциялык мунапыс” берилет

Кыска кабар | 22 Мар 2019 | 528 | 0

Орусия кыргызстандык мигранттарга карата “миграциялык мунапыс” өткөрөт. Бул чечим кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча келишимди ишке ашыруунун алкагында, Орусия президенти Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында кабыл алынган.

Мындай маалымат кечээ 21-мартта Кыргызстандык делегация менен РФнын ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова менен болгон жолугушууда айтылганын КРнын орусиядагы элчилиги билдирди.

“Миграциялык мунапыс” мезгилинде орусиянын миграциялык мыйзамын бузган орусиядагы Кыргызстандын жарандарына 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз РФнын аймагына кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле ал жарандар эч кандай административдик жоопкерчиликке тартылбайт.

Орусиядагы элчилик РФдагы келүү, кетүү мөөнүтүн бузган Кыргызстандын жарандарын “миграциялык мунапыстан” пайдаланууга чакырып, толук маалымат үчүн + 7 925 103 29 11 түз байланыш телефону иштээрин эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM