Биз менен байланышыңыз

Путиндин сапары мигранттарды «кара тизмеден» куткарды

Коом | 22 Мар 2019 | 836 | 0

Орусия кыргызстандык мигранттарга карата “Миграциялык мунапыс” берет. 30 күнгө жарыяланган мунапстын алкагында Орусияда жеңил миграциялык мыйзамдарды бузуп, адмнистративдик жоопкерчиликке тартылган 1 миң 166 кыргызстандык автоматтык түрдө «кара тизмеден» чыгарылат. Мындай чечим 21-март күнү Кыргызстандык делегация менен Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова менен болгон жолугушууда кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

— “Миграциялык мунапыс” мезгилинде орусиянын миграциялык мыйзамын бузган Орусиядагы Кыргызстандын жарандарына ушул жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиянын аймагына кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле ал жарандар эч кандай административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Буга кошумча, Орусиянын миграциялык мыйзамынын 4-8-беренелери боюнча «кара тизмеге» киргизилгендер автоматтык түрдө чыга алат. Миграциялык карталарынын мөөнөтү бүтүп, бирок кармала элек, мыйзам бузуулары бар мекендештер башка чек арага чыгып келсе, миграциялык тарыхы таза барактан башталат.  

Мындан сырткары, элчилик Орусиядагы келүү, кетүү мөөнөтүн бузган Кыргызстандын жарандарын “миграциялык мунапыстан” пайдаланууга чакырат. Толугураак маалымат үчүн + 7 925 103 29 11 түз байланыш телефону кызмат кылат.

Зулпидин Нурматов 14 жылдан бери Москвада шаарында эмгектенет. Ал “Миграциялык мунапыс” Орусиядагы кыргыз мигранттары үчүн аябагандай чоң жардам экенин айтат.

 — Эми айрым мыйзам бузуулардан улам «кара тизмеге» кирип калган жердештерибиз тизмеден чыгат. Алар чек арадан чыгып, кайра кирсе миграциялык тарыхы тазаланат. 

Миграциялык мыйзамдарды бузууга келишим түзбөй жумушка орношуулар себеп болуп жатат. Мындай пикирин Замандаш” коомдук фондунун жетекчиси Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, эгерде «Миграциялык мунапыс» берилбесе, жүз миңдеген мекендештин жумуш шарты оорлошот. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында “кара тизменин” саны өсүп, Орусиядан депортация болгондордун саны кескин жогорулайт.

Молдокматов буга кошумча, өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлде чечиле турган миграциялык маселелер бар экенин белгиледи.

— Бул көйгөйлөрдү комплекстүү карап чечүүгө далалат кылышыбыз керек. Бирок канча талкуулабайлы, эмнени гана айтпайлы мындай маселелер чыга бермекчи. Былтыр Орусияда мигранттарды каттоо жөнүндө мыйзам катаалдашкан. Мындан улам оорчулуктар пайда болду. «Миграциялык мунапыстардын» көп-көп жарыяланышы бир топ мекендештерибизге жардамын берип жатат.  

Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузган 150 миңге чукул Кыргызстандын жараны бар. Ал эми «кара тизмеге» киргендердин саны 65 миңди түзөт. Бул тууралуу Миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Миграция кызматынын аймактык өкүлчүлүктөрү жок болгондуктан кызматкерлер Орусияга кетип жаткан мигранттардын баарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жетишпейт. Эми “Кыргыз Республикасынын жарандарын Орусия Федерациясынын аймагында уюшулган түрдө ишке орноштуруу жөнүндө” келишим күчүнө кирсе, Орусияга бара жаткандар алдын ала даярдыктан өткөрүлөт. Ошондой эле эмгек келишимдери Кыргызстандын аймагында түзүлөрү күтүлүп жатат.

— Жакынкы арада келишимге кол коюлган соң элге Орусиянын аймагындагы вакансиялар, ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар жайылтылат. Жай мезгилинде келишимге кол коюу күтүлүп жатат. Бул боюнча Кыргызстан тараптан жумуштар толук даярдалып бүткөн. Эми Орусия тарап даяр болсо, келишимди күчүнө киргизүүгө аракет кылабыз. Ал күчүнө кирсе мигранттарга толук маалымат берип жөнөтмөкпүз.

Кошумчалай кетсек, учурда Орусиянын аймагында расмий түрдө 640 миңден ашуун Кыргызстандын жараны эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM