Биз менен байланышыңыз

Москвадагы элчиликте «миграциялык мунапыс» боюнча маалымат берилди

Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 886 | 0

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Москва шаарында эмгектенип жатышкан кыргыз жарандары менен Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде жолугушуу өткөрүшүп, Кыргызстандын жарандарына карата кабыл алынган «миграциялык мунапыс» жана аны пайдалануу жөнүндө кеңири маалымат беришти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова бизге кабарлады.

КР ИИМ ызматкерлери жыйынга катышкандардын суроолоруна жооп беришип, миграциялык мунапысты пайдалануу мөөнөтү тууралуу атайын даярдалган эскертүү баракчаларын таркатышты.

Мындан тышкары, мигранттардын олуттуу көйгөйүнө айланган чет өлкөдө жана Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу, баланын жарандыгын таануусу боюнча ата-энесинин макулдугу, балага паспорт алуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу алуу, кош бойлуу кыз-келиндердин каттоого туруу тартиптери боюнча да кеңири маалымат айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, жалпы эмгек мигранттарына керектүү мындай пайдалуу жолугушууларды системалуу түрдө өткөрүп туруу зарылдыгы белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM