Биз менен байланышыңыз

Москвадан 393 кыргызстандык Бишкекти көздөй учуп чыкты

Кыска кабар | 7 Июн 2020 | 684 | 0

Бүгүн, 7-июнда, Москва шаарынан Бишкекке чартердик каттам менен 402 жүргүнчү, алардын ичинде 393 кыргызстандык учуп чыкты. Мындан сырткары, Орусия тараптын өтүнүчү менен 9 Орусиянын жараны киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штабы билдирди.

Аталган рейс президент Сооронбай Жээнбековдун Орусиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык ишке ашырылды.

Бул каттам менен 176 кош бойлуу аял,  жаш балалуу 86 айым, 34 оорулуу, 25 улгайган жаран, 34 хостелдердеги аялдар, ошондой эле жакындарын жоготкон 8 жаран жөнөтүлдү. Бардык кош бойлуу аялдар жана оорукчандар оорусу жана кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору турган “бизнес-класс” багытынан орун алган 30 жаран жөнөтүлдү.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Элчиликтин алдындагы Жумушчу топ тарабынан жарандардын жеке арыздарынын негизинде жана кыргыз диаспорасынын лидерлеринин сунушу менен түзүлдү.
Курамында үч дарыгер (офтальмолог, гинеколог жана эндекринолог) кирген Жумушчу топтун ишинин жүрүшүндө бардык маалым каттар текшерилип, кош бойлуулар катталып, УЗИ корутундуларын алган тийиштүү медициналык мекемелерге чалышып, аныктыгы тастыкталды.

Оорукчандар жана кош бойлуу айымдар тарабынан берилген маалым каттар жана УЗИ корутундуларын текшерүүнүн жыйынтыгында ар кандай патология жана учууга каршы белгилерден улам 25 адам каттамга киргизилген жок.

Бүгүнкү күнү Элчиликке Мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 5 миңден ашуун арыз келип түштү. Элчилик тарабынан мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

Элчилик Орусиядагы биздин мекендештерибиздин учурдагы абалын эске алуу менен, Москва шаарынын Мэриясы менен жарандарга жардам берүү жана жакынкы күндөрү пландалып жаткан Москва-Бишкек жана Москва-Ош авиа каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM