Биз менен байланышыңыз

Астана шаарын Нурсултан деп өзгөртүү чечими кабыл алынды

Кыска кабар | 20 Мар 2019 | 547 | 0

Казакстандын «Нур Отан» партиясынын төрагасынын орун басары Маулен Ашимбаев Астана шаарынын аталышын Нурсултан деп өзгөртүү чечими кабыл алынганы тууралуу жарыялаганын Tengrinews.kz сайты билдирди.

«Бул туура чечим… Астанага канчалаган эмгек, канча энергия сарпталды. Бүгүнкү күндө Астана — эл аралык борборлордун бири, Евразиядагы өнүккөн жана кооз шаарлардын бири. Мунун бардыгы Нурсултан Назарбаевдин саясий эрки менен болду. Андыктан Касым-Жомарт Кемелевичтин чечими туура, мыйзам ченемдүү, биз аны колдойбуз», — деген Маулен Ашимбаев мындай чечим үчүн жалпы казакстандыктарды куттуктады.

Астана шаарынын аталышын Нурсултан деп өзгөртүп, Казакстандын шаарларындагы борбордук көчөлөрдү Нурсултан Назарбаев деп атоону жаңы президент Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 20-мартта ант берип жатып сунуштаган.

Эске салсак, бүгүн 20 мартта саат 12:00дө Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти болууга ант берген.

 

Copyright © 2017 Maral FM