Биз менен байланышыңыз

Масалиев: КСДПдагы маанай парламентке таасирин тийгизүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Мар 2019 | 602 | 0

КСДПдагы маанай парламентке таасирин тийгизүүдө. Мындан улам КСДП көпчүлүк коалициядан чыгышы же башка фракциялар чыгып кетиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутты Исхак Масалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КСДП фракциясы оппозицияга өткөн күндө да депутаттардын жарымы кызматташууга даяр болот.

«КСДП партиясындагы тиреш бүтмөйүнчө фракцияны оппозицияга өткөрүүнү сунуш кылып жатам. Калган фракциялар чечим кабыл алса жаңы коалиция түзүү зарыл. Анткени Жогорку Кеңеш толук курамда бир маселеге аралашып кетпеши кажет. Бир гана КСДПда эмес башка партияларда да «оору» бар. Эгерде партиянын лидери сыртта отуруп калса, чычалап урушут талашат. Ал эми фракция болсо көз карандысыз болот. Мындан улам партия оппозицияга өтсө фракция дагы автоматтык түрдө оппозицияга өтөөрү боюнча мыйзам кабыл алуу зарыл«, — дейт Масалиев.

Эл өкүлү кошумчалагандай, КСДП парламентте мандатын тапшырса дагы парламентик убагынан эрте болбойт. VI чакырылыш жакшы иштеп, мөөнөтү бүткөн соң кетиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM