Биз менен байланышыңыз

Якутия: Мигранттарды эркиндигинен ажыраткан окуя

Коом | 19 Мар 2019 | 745 | 0

17-март күнү Саха Респуликасынын Якутск шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жараны орус улутундагы аялды зордуктаган деген кине менен кармалды. Бул окуянын арты менен аталган шаардын жашоочулары кыргыздарга каршы митингге чыккан. Абал курчуп, ал жакта эмгектенген кыргызстандыктарга кооптуу абал жаралды. Кыргыз бийлигинен миграция кызматы, ИИМ жана элчилик Якутиянын башчылары менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүүдө.

17-март күнү соцтармактарда Якутск шаарында жасалган зордуктоо фактысы жөнүндө маалымат тарап, ага шектүү делип Кыргызстандын жараны кармалган. Анда такси айдоочусу болуп иштеген жаран жергиликтүүнү унаага мажбурлап салып, шаар четине алып барып зордуктагандыгы аныкталды. Бул окуя жергиликтүү элдин толкундоосун жаратып, учурда тынчтык жолу менен чечүү жолдору каралууда. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди. Бирок маселени кантип жөнгө салуу боюнча азырынча бир чечим кабыл алына элек.

— Бүгүнкү күндө Якутск шаарынын өкмөтүнүн өкүлү Ф.Борисов жана Тышкы иштер байланышы  менен жолугушуулар жүрүүдө. Бизден элүүдөн ашуун өкүлдөр катышып, чуу жаратып жаткан жагдайды талкуулашты. Анда мигранттар кайсы өлкөдө жүрсө, ал мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип, үрп-адаттарын сыйлоого чакырды.

“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Якутияда иштеп жаткан кыргызстандык жарандар убактылуу жумуштарын токтотуп турууну сунуштайт. Аны менен катар мигранттар үчүн дагы бир көйгөй жаралды. Митинг учурунда Якутск шаарынын мэри жалпы миграннтарга рейд жүргүзөрүн айткан. Молдокматов билдиргендей, эгерде кимде-ким мыйзамсыз жүргөн болсо, тезинен ал өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырат.

-Кыргызстандан барган миграция өкүлү, элчилик жана Ички иштер министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Биздин маалыматка таянсак абал жакшы. Якутиядагы жана Якутск шаарында иштеп жаткан мекендештерге кайрылат элек. Убактылуу коомдук жайлардан алысыраак болуп турганы жакшы. Андан сырткары митингде Якутск шаарынын мэри чогулган элге мигранттарга рейд жасайбыз деген. Мындан улам айтат элем, эгерде мыйзамсыз жүргөн мигранттар болсо, чыгып кетиңиздер. Антпесе көйгөйгө кабылып калышыңыз толук мүмкүн.

Болуп өткөн окуя эки тараптын тең коопсуздук кызматкерлерин кооптондурууда. Ошол себептүү абалды курчутпоо жана чагымчылдыкка жол бербөө үчүн эки тарап ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы тескөөчүсү Эрнис Үсөнбаев билдирди.

-Биздин негизги максат 17-мартта болгон окуя негативге айланып кетпеш керек. Мунун негизинде профилактикалык иштерди жасап, мекендештердин коопсуздугу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мындай окуялардын келип чыгыш себептери, Өкмөт менен элчилик тарабынан башка жакка чыгып жаткан адамдарга түшүндүрүү иштери аз болуп жаткандыктан жаралып жатат. Мамалектибизде жумуш жок болгондуктан, чет жерден иштеп нан таап жаткандарга мигранттардын туура эмес жүрүм-туруму жаманатты кылып, иштерине тоскоолдук жаратууда деген пикирин эксперт Эрлан Камалов айтты.

-Биринчиден биздин жарандар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жатса ал жактын мыйзамдарын сыйлаш керек. Болгон окуя боюнча айтсам, Өкмөт чет жерге чыгып жаткан жарандарыбызга түшүндүрүү иштери аз болгондуктан орун алып жатат. Мобилдик тиркемелерди ачып, маалыматтарды кетирип туруш керек.

Эске салсак, Якутск шаарында кыргыз жараны аялды зордуктаган деген маалымат тараган. Мындан улам аталган шаардын Комсомольск аянтында 17-март күнү 200гө жакын адам чогулуп, миграция мыйзамдарын каттуулатууну талап кылышкан.

Маалыматтарга ылайык, учурда Саха Республикасында 10 миңдей Кыргызстандын жараны эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM