Биз менен байланышыңыз

Айдарбеков JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 473 | 0

Бүгүн, 19-мартта Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Казухико Кикучини кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министр Япониянын Өкмөтүнүн ар дайым даректүү жана жогорку натыйжалуу болгон жардамын кыргыз тарабы жогору бааларын белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын борборунда жана региондорунда баалуу билим жана маанилүү тажрыйба берүү аркылуу балдарды, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан япониялык волонтерлордун ишмердүүлүгүн белгиледи.

Кошумчалай кетсек, JICAнын Кыргызстандагы ийгиликтүү долбоорлорунун бири «Бирайыл бир продукт» долбоору болуп саналат, аталган долбоор региондорун өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле JDS программасы боюнча 2007-жылдан тартып япония тарабы жыл сайын Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин Япониянын жогорку окуу жайларында окутууга көмөк көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM