Биз менен байланышыңыз

Туйбаева: Айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү 10 жыл

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Мар 2019 | 704 | 0

Мөөнөтү жазылбай калган айдоочулук күбөлүктөр 10 жылдан соң жараксыз болуп эсептелет. Мындай күбөлүктүн ээлери документин алмаштыруусу зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жалпы айдоочулук кубөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү 10 жыл. Эгерде айдоочулук күбөлүк сынып калса да жараксыз деп табылат да, аны алмаштырууга туура келет.

«Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда айдоочунун тажрыйбасы жазылат. Күбөлүк берүүдө талап кылынган документтердин баарын системага электрондук түрдө каттап жатабыз. Эми жарандар базадагы маалыматтардын негизинде айдоочулук күбөлүгүн алмаштыра алат. Башкача айтканда, документтерди топтошпойт. Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда сынак алынбайт. Бирок жаран күбөлүктүн башка түрүн алса сынак тапшырат», — дейт Туйбаева.

Маалыматка ылайык, транспорт каражаттарынын документтерин жасоону милдети жеке компанияга жүктөлгөн. Алар менен түзүлгөн келишим ушул жылы аяктайт. Мамлекет бул ишти колуна алса документтердин баасы 50 пайызга арзандайт.

Мындан сырткары, ортомчулардан арылуу максатында айдоочулук күбөлүк берүү жана унаа каражаттарын каттоо иштерин электрондук системага өткөрүү иштери жүрүп жатат.

«Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө тааныш-билиштер болуп кеткен. Бажы кызматы менен бир система түзүлдү. Чет өлкөдөн келген унаалар кайсы убакта, кандай төлөмдөрдү төлөгөнүн системадан көрүүгө болот. Мурда автоунаалар жыл ичинде каттоодон өткөн сайын салык төлөчү. Азыр андай эмес, алгачкы каттоодо гана салык алынат», — дейт Туйбаева.

Copyright © 2017 Maral FM