Биз менен байланышыңыз

Депутат: Жасалма паспорт бат берилет, айдоочулук күбөлүк болсо 6 айдан бери жок

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 861 | 0

Дүйнө жүзүндөгү криминалдык чөйрө Кыргызстандын жасалма паспортун пайдаланат. Ал эми Кыргызстан өзүнүн жарандарына тиешелүү документтерди, айдоочулук күбөлүктү да өз убагында бере албайт. Мындай маселени Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында айтты.

Депутат айым айдоочулук күбөлүктөр алты айдан бери берилбей жатканын айтып, Өкмөттүн өкүлүнө сын айтты. Буга кимдир бирөө  жоопкерчилик алышы керектигин Алтыбаева белгиледи.

Кетирилген кемчиликтерди кызматтан кеткен мурунку жетекчилерге шылтап коюп жүрө беребизби. Айдоочуларыбыз убактылуу күбөлүк менен жүрүшөт, чет өлкөлөргө, Казакстан, Орусияга чыга алышпайт. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдүбү. Биз Эгемен мамлекетпиз. Эмне себептен документтерди чыгарууну жөнгө сала албайбыз? Каттоо кызматындагы мындай башаламандык качан жөнгө салынат? Бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жасалма паспорттору менен жүрүшөт. Бирок биз жасалма паспортторду өз убагында беребиз. Буга ким жоопкер болот? — деп депутат айым өкмөт өкүлүн жарга такады.

Copyright © 2017 Maral FM