Биз менен байланышыңыз

Ош: Кырктан ашуун жаранды алдап кеткен шылуун кармалды

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 837 | 0

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну ири алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Өзүн «Курманбек» деп тааныштырып жүргөн жаран издөөдө болчу. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Шектүүнүн чыныгы аты-жөнү П.К. болуп, 1986-жылы туулган. Ал Ош шаарында түрдүү даректерде ордун алмаштырып, убактылуу жашап жүргөн. Өзүнүн издөөдө жүргөндүгүн билген.

Учурда ал жарандарга «бардык категория боюнча айдоочулук күбөлүк алып беремин» деп, ири суммадагы акчаларды алдап кеткендиги боюнча шектүү катары кармалды. Жалпы жабыркаган жарандардын саны 40 адамдан ашып, учурда келген арыздардын үстүнөн 3 тергөөчү «Алдамчылык» беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү жаран Ош шаарынын Өскөналиев көчөсүнөн кеңсе ижарага алып, ал жерге «АВТОШКОЛА» деп жазуу илип койгон жана келген адамдарды каттап, өзүн ошол «мектептин директорумун» деп тааныштырган. Арыздануучулардын арызында көрсөтүлгөндөй, өз атын жашырып, «Орунбаев Куштар» деп, жалган атты айткан. Окууга келген адамдарга бардык категориядагы айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, 20 миңден 50 миңге чейин акчаларын алган.

Айткандары ишенимдүү болушу үчүн офис алдына «Автошкола» деген жазуусу бар эски машинаны токтотуп койгон. Чындыгында анын мектеби эч кандай каттоодон өткөн эмес. Мурда дагы алдамчылык фактысы боюнча кармалып, сот тарабынан үй камагына чыгарылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо бөлүмү кимде ким бул жарандан жабыр тарткан болсо, аталган бөлүмдүн 03222-6-27-57 телефон номери аркылуу кабар берип коюшуңуздарды суранат.

Copyright © 2017 Maral FM