Биз менен байланышыңыз

Унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 840 | 0

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын,  түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен Өкмөттүн ушул жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

— юридикалык жактар үчүн унааларга техникалык талон берүү жоюулду;

— унааларды каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине «биргелешкен ээси» жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

— чет элдик жарандар үчүн унааларды каттоо процедурасы жеңилдетилет;

— ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

— бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Өкмөттүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнү эрежелери» жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

— айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюулду;

— медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;

— чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;

— окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;

— бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номерк менен жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM