Биз менен байланышыңыз

МКК дем алыш күндөрү да айдоочулук күбөлүктөрдү берип жатат

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 753 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) калкты тейлөө борборлору бүгүн, ишемби дем алыш күнү да айдоочулук күбөлүктөрдү таратып иштеп жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мындай тартиптеги жумуш Мамлекеттик каттоо кызматы мурда кабыл алган чечимге ылайык жүрүүдө. МКК буга чейин айдоочулук күбөлүктү алмаштыруудагы узун кезектерди эске алып, бардык жарандардын жаңы үлгүдөгү күбөлүк алууга жетишүүсүнө шарт түзүү максатында дем алышсыз иштөө тартибин киргизген.

Буга ылайык, айдоочулук күбөлүктөр 28-29-декабрь, ишемби жана жекшемби, жумуш эмес күндөрү да эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө чейин берилет.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынып жатат. Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсү — 2 дарегинде (“Аю Гранд” гипермаркетинде) кабыл алынууда. Ал эми даярдалып бүткөн күбөлүктөр М.Ауэзов 1/5 (Два прораба гипермаркети) дарегиндеги ММК №4 элди тейлөө борборунда таратылып жатат.

Эске сала кетсек, ММК айдоочулук күбөлүктөрдү алуунун мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узарткан.

Copyright © 2017 Maral FM